KzTrack.Kz » Кыргызский » Рыспай Абдыкадыров - Сагынуу

Рыспай Абдыкадыров - Сагынуу

Скачать эту Рыспай Абдыкадыров - Сагынуу песню в высоком формате. Краткая информация о песне (128 кб / с, 2,72 MB)
Рыспай Абдыкадыров - Сагынуу
Прослушать онлайн песню
Скачать песню
  • Слушали: 1 096
  • Размер: 2,72 MB
  • Длительность: 2:57
  • Качество: 128 kbps
  • Дата релиза: 13.05.2021
Текст песни: Рыспай Абдыкадыров - Сагынуу
Бүркөк асман жарк дегенде чагылган,
Байкоосуздан жалыныңа кабылгам.

Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.

Азыр мен да ойлоп сени жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.

Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге олтурчу убактар.

Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу,
Алыс калды алма жыттуу турактар.

Чертчү эле го түгонбогөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.

Карай берип канча жолу камыктым,
Эстей берип жүрөгүмдү сагынттың.

Асылкечим, келчи менин жаныма,
Издей берип бүт денемди талыттың.

Кадимкидей кучак жайчы жадырап,
Качан болсо мен сен үчүн жарыкмын.

Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн ай башын.

Мурункудай күтүп жатам азыр да,
Булбул куштун терезеден сайрашын.

Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги асылкечим кайдасың?