KzTrack.Kz » Кыргызский » Элмирбек Иманалиев - Коштошуу вальсы

Элмирбек Иманалиев - Коштошуу вальсы

Скачать эту Элмирбек Иманалиев - Коштошуу вальсы песню в высоком формате. Краткая информация о песне (128 кб / с, 5,38 MB)
Элмирбек Иманалиев - Коштошуу вальсы
Прослушать онлайн песню
Скачать песню
  • Слушали: 1 971
  • Размер: 5,38 MB
  • Длительность: 5:51
  • Качество: 128 kbps
  • Дата релиза: 15.04.2021
Текст песни: Элмирбек Иманалиев - Коштошуу вальсы
Көңүлүм байланабы?
Көзгө жаш айланабы?
Колуңду коё бербей,
Кош дедим кайра дагы...

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топ таштай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Айтпадым намыс барын,
Акырын алыстадым.
Капарга алганың жок,
Кабыргам кайышканын.

Кайгырып шашылбадым,
Кайтчы деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Кайгырып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Шурудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Күймөлүп басып араң,
Күн менен батып барам.
Күн чыгат кайра-кайра,
Мен чыкпайм, жашып барам.

Күймөлүп шашылбадым,
Күтчү деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?