KzTrack.Kz » Кыргызский » Нуриза Абазова - Жүрөктү жүрөк тандасын

Нуриза Абазова - Жүрөктү жүрөк тандасын

Скачать эту Нуриза Абазова - Жүрөктү жүрөк тандасын песню в высоком формате. Краткая информация о песне (320 кб / с, 8,11 MB)
Нуриза Абазова - Жүрөктү жүрөк тандасын
Прослушать онлайн песню
Скачать песню
  • Слушали: 891
  • Размер: 8,11 MB
  • Длительность: 3:31
  • Качество: 320 kbps
  • Дата релиза: 04.02.2021
Текст песни: Нуриза Абазова - Жүрөктү жүрөк тандасын
Кайгыны ойго илбейли
Карылык эмне билбейли

Канакей жаштар эмесе ай
Калкылдап эркин бийлейли

Кылчактап улам күймөнүп
Кызарба курбум сүрдөнүп

Кел кошул биздин катарга
Кетесиң кийин үйрөнүп

Күүлөрүн төгүп жиберип
Музыка алат имерип

Коомайлап белден кармаса
Колдору болот билерик

Жүрөктү жүрөк тандасын
Сүйгөнүн сүйгөн жандасын

Билинбей кай бир уяңдар
Бийлебей четте калбасын

Бир-бирин сүйкүм карашып
Буттарга буттар жанашып
Кыз-жигит бирге бийлесе
Карачы кандай жарашып