Айтурган Абдразакова - Сага карай жол издейм
- Слушали: 7 759
- Размер: 3,95 MB
- Длительность: 4:18
- Качество: 128 kbps
- Дата релиза: 01.09.2022
Текст песни: Айтурган Абдразакова - Сага карай жол издейм
Салкын жел беттен сылап
Бийикте булуттар четтен жылат
Күз аягы келип жеткен убак
Айлана тунжурап
Бүгүн булуттун көңүлү чөктү
Билбеймин сен үчүн азбы-көппү
Өзүңсүз туптуура бир жыл өттү
Биз жактырган алма бак гүлүн төктү
Акын болбосом да сен үчүн деп сөз курап
Ыр жазууга жүрөк, чиркин, тынбай умтулат
Аккордеон коштоосунда мен кыялымда
Бийге тартам сени
А сен болсо азыр кучагында кимдердин
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып
Ким жүрөт эми
Арманым ичке батпай
Айласыз изденип, бирок таппай
Түндөр узарып, таңдар атпай
Убакыт барат жай
Ойлосом, ишенбеймин
Өңүм эмес, түш болсочу деймин
Өзүңсүз кантеримди билбеймин
Сагынып, сага карай жол издеймин
Бийикте булуттар четтен жылат
Күз аягы келип жеткен убак
Айлана тунжурап
Бүгүн булуттун көңүлү чөктү
Билбеймин сен үчүн азбы-көппү
Өзүңсүз туптуура бир жыл өттү
Биз жактырган алма бак гүлүн төктү
Акын болбосом да сен үчүн деп сөз курап
Ыр жазууга жүрөк, чиркин, тынбай умтулат
Аккордеон коштоосунда мен кыялымда
Бийге тартам сени
А сен болсо азыр кучагында кимдердин
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып
Ким жүрөт эми
Арманым ичке батпай
Айласыз изденип, бирок таппай
Түндөр узарып, таңдар атпай
Убакыт барат жай
Ойлосом, ишенбеймин
Өңүм эмес, түш болсочу деймин
Өзүңсүз кантеримди билбеймин
Сагынып, сага карай жол издеймин
Рекомендации: