KzTrack.Kz » Кыргызский » 7Gen - Баратам

7Gen - Баратам

Скачать эту 7Gen - Баратам песню в высоком формате. Краткая информация о песне (128 кб / с, 2,93 MB)
7Gen - Баратам
Прослушать онлайн песню
Скачать песню
  • Слушали: 241
  • Размер: 2,93 MB
  • Длительность: 3:11
  • Качество: 128 kbps
  • Дата релиза: 07.07.2022
Текст песни: 7Gen - Баратам
Эртең менен ойгонуп мен күндө күн көрөмүн.
Айырмасыз күн ачык же бүркөлгөнбү.
Аба-ырайга карабай ачык маанай,
Кичинекей кубанычтай сени күлдүрбөгөнбү?!

А мени күлдүргөн, достор менен терип жатканда кычкыл даамдуу бүлдүркөндү.
Ата энебиз берген отуз сомго жыргап жайнап жүрчү элек эсимде майрам күнү дүкөндө.
Эми, элестетсең сени
Олтур кеттик деп айткансып досуң бирдемени,

Майды куйуп жолдон сөзгө салды аңгемени,
Атбашыны көздөй айдаганы эмнеге экенин.
Баштаарын баштап бүтпөй калды анын сөзү,
Жеткенде айтам дейт, же сен өзүң көрөсүң,
Мейли! Кудайым жол берсин деп!

Тулпар кетти алыска жеткизбей көлөкөсүн.
Канттан өтүп Токмок менен саламдашып,
Поезд менен жарашып, биз андан, ал бизден, биз андан кайра ашып,
Өйдөлөп Чүйдөн чыгып көз алдымда көрүнөт Орто-Токойдун башы!

Кайырма:
Мммммммына Мына Баратам,
Айылыма Бишкек Шаарынан!
Күтүп жаткан Атам, Апам.
Мен да силерди сагынам!

Кубакыдан токтоп бираз тамактанып,
Жол кыскарып, тамашалап жатканыбыздан.
Анан Кочкор жолунда билинбей уктап калып,
Ойгонуп сурай калсам аз калды дейт Нарынга!

Тоолордон кийин тоолорду аралап,
“Долон” деген дөө ийининде араба баратат.
Жолдо жайнайт ышкын, карагат.
Сатып ал же барып бекер терип даамын тат.

Куруттун түрүн айтпа, тилиң сынат андан көрө,
Кымызга жете элек экенбиз “Алчы төрт жүгөрү,
Жетеби?, Жетеееет! Биринчи түгөнөбү?!”
Дедим бир чака карагат, ышкынды артта көрүп.

Кымызга жетип, ичип көрүп салыштырып,
Эң эле бышканын тандап алып кеттик!
Ушинтип дүйшөмбү күнүн биз дем алыш кылып,
Аман эсен биздин айылыбызга жеттик!

Мммммммына Мына Баратам,
Айылыма Бишкек Шаарынан!
Күтүп жаткан Атам, Апам.
Мен да силерди сагынам!