KzTrack.Kz » Казакша андер » Tynyskhan, Elen - Бай тилек (cover Урмат Усенов)

Tynyskhan, Elen - Бай тилек (cover Урмат Усенов)

Скачать эту Tynyskhan, Elen - Бай тилек (cover Урмат Усенов) песню в высоком формате. Краткая информация о песне (128 кб / с, 4,18 MB)
Tynyskhan, Elen - Бай тилек (cover Урмат Усенов)
Прослушать онлайн песню
Скачать песню
  • Слушали: 612
  • Размер: 4,18 MB
  • Длительность: 4:33
  • Качество: 128 kbps
  • Дата релиза: 04.05.2021
Текст песни: Tynyskhan, Elen - Бай тилек (cover Урмат Усенов)
Урмат Усенов - Бай тилек
Текст песни
Тынысхан Элен кавер

Баёо сезим артта калып,
Балалыктан өттүкпү.
Жан дүйнөмдүн аруу, таза,
Табышмагын төктүкпү.
Ар бир кадам алга карай,
Суроо менен ташталат.
Мындан ары бизде дагы,
Ойлончу кез башталат.

Күч берчи, кубат бер,
Кубандырып турайын.
Кубалашып кумар менен,
Куттуу үйүн курайын.
Ак берчи, акыл бер,
Адал такка коноюн,
Ата-энемдин ак эмгегин,
Актагандай болоюн.

Өкүнбөймүн, өтүнбөймүн
Кайра тартып бергениң.
Себеп ошол сен да, мен да
Эрезеге келгенмин.
Теңир тиреп, тилек берсе,
Тик аскага асылбай
Акырында бакыт багын,
Багбан жандай асырай

Күч берчи, кубат бер,
Кубандырып турайын.
Кубалашып кумар менен,
Куттуу үйүн курайын.
Ак берчи, акыл бер,
Адал такка коноюн,
Ата-энемдин ак эмгегин,
Актагандай болоюн.

Турмуш жолу туйласаң да,
Тумарыңдан тарттырбай.
Туткун болбой туу курса да
Сураганың алдырбай.
Актык менен, адал менен,
Алга карай умтулсам,
Алла Таала арнагандан,
Кур кол дайым калтырбай

Күч берчи, кубат бер,
Кубандырып турайын.
Кубалашып кумар менен,
Куттуу үйүн курайын.
Ак берчи, акыл бер,
Адал такка коноюн,
Ата-энемдин ак эмгегин,
Актагандай болоюн.